Орусияда кармалган Эсен Мажитов бошотулганы айтылды

Орусияда кармалып жаткан Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов бошотулду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Молдокматовага бул кабарды Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев айткан.

Эсен Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну. 2020-жылы май айында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр учурунда үйү өрттөлгөн.

Быйыл март айында Эсен Мажитовдун уулу Адил президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасаган. Тажикстан менен чектешкен жерде, чек арадан эки метр алыстыкта жашаган бала мындан ары ал жерде жашоо коркунучтуу болуп калганын айтып, президенттен маселени чечүүнү өтүнгөн.

Май айында Ассоль Молдокматова 12 жаштагы Адилди президент Садыр Жапаров менен жолугуштурган. Анда Жапаров Орусияда кармалган баланын атасы Эсен Мажитовдун маселесин чечүүнү убада кылган.

Эсен Мажитов 2021-жылдын 18-апрелинде Орусияда орус укук коргоо кызматтары тарабынан кармалган. Себеби Тажикстан Мажитовго "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

2020-жылы 8-майда Көк-Таш айылынын Чек участкасында тажик-кыргыз элдеринин ортосунда таш ыргытуу болгон. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн эки тараптан чек арачылар келип, ок атышуу болуп кеткен.

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын маалыматы боюнча, тажик чек арачылары күтүүсүздөн автомат, миномёттон ок чыгарган. Окуядан 3 кыргыз жоокери жана бир жергиликтүү тургун жаракат алган.

Тажикстандын коопсуздук комитети эки тажик тургуну жаракат алганын айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД