Жапаров чуу жараткан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна кол койду. Документ президенттин сайтына эмес, "Эркин Тоо" гезитине жарыяланган.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-июнда кабыл алып, Жапаров 26-июнда кол койгон. Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар каржы булактары, кирешелеринин өлчөмү, чыгымдары тууралуу Мамлекеттик салык кызматына отчет берип турушу керек.

Парламент бул мыйзам долбоорун былтыр да сунуштап, бирок коомчулукта жаралган чуудан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койгон эмес.

Бейөкмөт уюмдар менен батыш мамлекеттеринин КРдеги элчиликтери бул өзгөртүүлөргө каршы болуп чыгышкан. Жакында эле Франциянын Кыргызстандагы элчиси Жапаров менен болгон жолугушууда мыйзам долбоору тынчсыздануу жаратып жатканын айткан.

Президент элчиден анын өлкөсүндө бейөкмөт уюмдар мамлекеттик каржы тууралуу отчёт берип турган мыйзам барбы деп сураганда, дипломат "бар" деп жооп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД