"Бишкекке жанаша спутник шаарын куруу – реалдуу ишке ашчу долбоор"

Шаардын башкы планын кайрадан карап, "BISHKEK CITY" долбоорун иштеп чыгып, Бишкек шаарына жанаша келген спутник шаарын куруу керек. Бул жөнүндө "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын "Жаратмандар жолу" программасында жазылган.

Жыл сайын борбордун калкынын саны көбөйүүдө. Бишкекте расмий эмес миллиондон ашуун ашык адам жашап келет. Эл борбордо жашоого умтулат, бул агымды токтотуу кыйын. Ошондуктан, ушул жерде жашап, иштегиси келгендердин бардыгын шаарга кантип жайгаштырууну ойлонушубуз керек. Спутник шаарды куруу керектиги ошондон улам чыккан. "Биздин Кыргызстан" партиясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу керектигин белгилейт.

Бул долбоор аркылуу шаар тургундары мүмкүнчүлүгүнө жараша баалар менен жеке турак-жай маселесин чече алат. 

Ошондой эле партия борборубуздун архитектуралык-шааркурулуш салттарын, жаратылыштык-климаттык жана башка өзгөчөлүктөрүн сактап калгысы келет.

Маалым болгондой, борбор калаанын айланасында 47 жаңы конуш бар. Алардын дээрлик бардыгында жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, электр энергиясы жана сууга жеткиликтүүлүк сыяктуу инфраструктуралык маселелери чечилиши керек. Эгерде Бишкек шаардык кеңешине "Биздин Кыргызстан" партиясы келсе, анда ал биринчи кезекте борбор калаанын жаңы конуштарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө киришмекчи. Бишкекке жанаша спутник шаардын курулушу ушул актуалдуу маселелердин бардыгын чечет.

Спутник-шаарларын куруу дүйнөдө кеңири колдонулган тажрыйба. Мисалы, Парижде спутник шаарлары өткөн кылымдын 60-жылдарында курула баштаган. Ал эми Лондондун айланасында 34 спутник шаар бар. Белоруссиянын борбору - Минск шаарында расмий түрдө 6 спутник шаар бар.

Коңшу Казакстанда да спутник шаар курулуп жатат.

Муну менен катар, "Биздин Кыргызстан" партиясы үчүн экология маселесин чечүү баарынан жогору турат. Партия спутник шаарды жылытуу үчүн жаңылануучу энергия булактарын пайдаланууну сунуштоодо. "Биздин Кыргызстан" альтернативдүү чечимдердин убактысы келди, деп ишенет, анткени көптөгөн мамлекеттер бул технологияларды мурдатан колдонуп келет.

Бүгүнкү күндө ЖЭБди пайдалануу максатка ылайык келбейт, анткени республикада жылуулук берүү ресурстары жетишерлик санда эмес , ал эми сатып алуу кымбатка турат. Дагы бир маанилүү нерсе, ЖЭБди колдонуу – бул парник газдарынын жана  башка ден-соолукка зыяндуу заттардын көбөйүшүнө алып келет.  Колубуздагы ресурстарды ишке киргизүү зарыл – булар күн, кичи өзөндөр, шамал, геотермалдык энергия, биогаз. Дайыма жаңыланып турган бул энергия булактары – акысыз. Андан тышкары, бул технологиялардын жардамы менен энергия жана жылуулук менен камсыздоо жалпы тутумуна көз каранды болбогон курулмаларды камсыздоого болот. 

Албетте, спутник шаарда бизнес жана санариптик борборлор, маданий жайлар жана спорт аянтчалары болот.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы шаардыктарга кам көрөт!

Ыңгайлуу Бишкек үчүн добуш бериңиз!

Борбор калаанын келечеги үчүн добуш бериңиз!

"Биздин Кыргызстан" партиясына добуш бериңиз!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 08.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД