Ташиев: Азыр Кыргызстанда бир да сот пара албайт

Азыр Кыргызстанда бир да сот пара албайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алар сот органдарындагы бир нече кызмат адамды жоопко тарткандан кийин соттор пара алууга даабай калды.

"Азыр сотторго пара берип көрүңүздөр, бир да сот пара албайт. Аны ишенимдүү айта алам. Алар мыйзамга ылайык чечим чыгарып калышты. Пара алган соттор болсо, биз аларды жоопкерчиликке тартабыз. Биз сот органдарынын бир нече кызмат адамын жоопко тарттык Жогорку Соттун башчысы Калиеваны баш кылып. Андан кийин сот системасындагы кырдаал өзгөрдү", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД