Ворух анклавына кеткен жолду Кыргызстан курат

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда брифингде кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроолорго жооп берди. Ал тараптар талаштуу тилкелерге байланыштуу азырынча кандайдыр бир макулдашууга келе электигин билдирди. Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолду өзү курарын айтты.

"Ворухка жол Капчыгай же Танги айылдарынын астынан же үстүнөн өтөрү протоколдо көрсөтүлгөн. Бирок анда жолду чогуу курабыз деп көрсөтүлгөн. Бирок кийинки маалда биздин чечимдерге жараша ал жолду биз өзүбүз кура турган болдук, кыргыздын жолу, Кыргызстандын аймагында боло турган болду. Бирок ал жолго байланыштуу деле аягына чейин чечим кабыл алына элек. Себеби биз бул жолду кура турган болсок, башка территориялар менен чогуу бүтүрүшүбүз керек. Тажиктер болсо ушул эле жолду бүтүрөбуз деп жатат".

Май айынын башында Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалынан кийин жолуккан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялары бул жолго байланыштуу мунаса келгени маалымдалган.

Анда тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворухту байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Кыргызстандын Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтүүчү жолду тажик тарап оңдоп-түзөп, колдонот деп макулдашкан.

Кыргыз бийлиги бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД