Шайлоо штабы: Бишкекте бардык шайлоо участоктору даяр

Бишкекте шаардык кеңештин 11-июлда өтө турган кайра шайлоосуна бардык шайлоо участоктору даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болду.

Жыйын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин жана Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамовдун жетекчилиги алдында өтүп, ага калаанын вице-мэрлери, район акимдери, муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, Чүй юстиция башкармалыгынын, Финансы министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Анын жүрүшүндө катышуучулар шайлоо участкаларынын даярдыгы жөнүндө вице-мэрлердин жана район башчыларынын отчетторун угушту.

Жыйынтыгында райондордун башчыларына бекитилген кызматтар менен биргеликте күйүүчү-майлоочу майлар менен толтурулган генераторлорду шайлоо участкаларынын имараттарына туташтыруу графигин бекитүү жана даярдоо тапшырылды.

Шайлоо административдик ресурстарсыз, ошондой эле жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен ачык-айкын өткөрүлүшү керектиги белгиленди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД