Александр Голенко: "Мен сиздердей эле шаар тургунумун!"

"Ишеним" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Александр Голенко шаардыктарга кайрылуу жасады:

"Урматтуу шайлоочулар, мен Александр Ильич Голенко," Ишеним "партиясынан депутаттыкка талапкермин, мен сиздердей эле карапайым шаар тургунумун. Мен ар тараптуу өнүккөн адаммын, мен олигарх эмесмин, мен коррупционер эмесмин, мен чиновник дагы эмесмин. Мен жөнөкөй эмгекчил, кадимки дени сак жигитмин. Мен бул коомдо жашайм, ушул шаарда туулгам, ушул көчөлөрдө сиз менен бирге жүрөм, бизде кандай көйгөйлөр бар экендигин, кандай милдеттер моюнубузда турганын көрүп, билем. Сиздер менен биргеликте ушул жарандык милдетимди аткарып, шаарга салым кошкум келет. Эгерде мага ишенсеңиз, мага добуш бериңиз, мен сиздин ишенимиңизди актаганга аракет кылам. Рахмат!"

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 08.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД