Бизге спорт шаарчасы керек! "Биздин Кыргызстан" үчүн добуш бериңиз

Менин атым Гулжигит Алыкулов. Мен жөнөкөй бишкектикмин. Спорт менен машыгам. Спорт жаңылыктарынан артта калбайм.

Эсиңердеби, 2015-жылдын июнь айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Азия чемпиондору - Австралиянын курама командасы менен беттеши болгон. Бул оюн 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өттү эле. Беттештин алдында британиялык The Guardian гезитинин спорт баяндамачысы Джек Керр Твиттердеги аккаунтуна Бишкек стадионунда тартылган жагымсыз сүрөттөрүн жарыялаган.

Чынын айтсам, мен ошондо дүйнөлүк коомчулуктун, чет өлкөлүк спортчулардын алдында өз өлкөм үчүн, туулуп өскөн Бишкек шаарыбыз үчүн уялгам.

Бирок, тилекке каршы, муну моюнга алыш керек - бизде рекорддорго жол ачкан, ден-соолук чыңдоочу чоң объекттер, спорт комплекстери жок. Мурданы советтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда гана акыркы 30 жылда бир дагы ири спорттук объект курулган эмес.

Ошондуктан биз эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрбөй келебиз.

11-июлда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болот. Менин тандоом "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы. Себеби бул жаңы партия, анда жаңы жүздөр, жаштар, буга чейин өзүнүн жөндөмүн өзүнүн иши менен далилдеген жана биздин Бишкек шаарынын өнүгүшүнө салым кошууга даяр адамдар. Мен аларга ишенем. Мага алардын программасында эл аралык стандарттарга жооп берген спорттук шаарчанын курулушу жөнүндө айтылганы жакты.

Эгер бул долбоор ишке ашса, мен буга аябай кубанам. Анткени, ал жерде ар кандай мелдештер өткөрүлүп, келечектеги чемпиондор, олимпиадачылар машыгып, заманбап спорт аянтчалары жана спорт залдары катардагы жарандарга да жеткиликтүү болот.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы бул долбоорго ата мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартууну сунуш кылат. Эң башкысы, курулуштун аянтын аныктап, инвесторлорго укуктук кепилдиктерди түзүү.

Менин кыялымдагы спорттук шаарча - бул ар кандай деңгээлдеги спорт жана мелдештер үчүн атайын түзүлгөн аймак. Жылытуу системасы менен жабдылган толук көлөмдөгү футболдук аянтча болушу керек, жеңил атлетика тректерин жана теннис аянтчаларын да кошо курууну унутпаш керек.

Спорт шаарчасынын имараты баскетбол, волейбол, гандбол жана башка спорттун түрлөрү үчүн аянтчаларды камтышы керек, мындан башка эмерек менен жабдылган, душ бөлмөлөрү бар кийим алмаштыруучу жайлар, пресс-борбор жана медициналык пунктар курулушу керек. Албетте, мейманканалар, фуд-корт жана эс алуу жайы кошо салынат.

Бул реалдуу ишке аша турган долбоор! Мындай спорт шаарчасы Бишкекте курулат, деп ишенем!

Ошондуктан "Биздин Кыргызстан" партиясын колдоп, добуш бериңиздер!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 08.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД