Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылардын ортосунда ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ок атышуу бүгүн, 8-июль күнү саат 17:00 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда болгон.
"Чек ара кызматынын отряды Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумин ашуусу аймагында Кыргыз-Тажик чек арасында кызмат өтөшүүдө. Алар Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна кабылган. Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Ал эми жабыркагандар боюнча маалыматтар такталып жатат", - деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.