Ошто "Кыргызунаакурулуш" жүк ташуучу автоунааларды чыгарууда

Ош шаарындагы "Кыргызунаакурулуш" заводунда жүк ташуучу автоунааларды чогултулуп, чыгарыла баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Кыргызунаакурулуш" машина куруу заводунун иши менен таанышты. Анда аталган ишкананын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов шаар жетекчилигин заводдун иши менен тааныштырып, мэр жумушчулар менен пикир алышкан.

"Кыргызунаакурулуш" машина куруу заводу Кыргызстанда алгачкы жолу жүк ташуучу машиналарды чогултуп баштады. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бардык өндүрүш процесстери немец технологиялары менен жүргүзүлөт. Бул чыгарылган продукциялардын жогорку сапатта болушун шарттайт. Өндүрүштүк ишке Түркия жана Орусиядан да адистер тартылган.

"2018-2020 – жылдар аралыгында курулуш жана ишке киргизүү аракеттери болду. 2020-жылдын ортосунан тарта биринчи продукциялар – электрогенераторлор жана электрокалканчтар, лифттер, темир эшиктер чыгарыла баштады. "Кыргызунаакурулуш" машина куруу заводу ар кандай татаалдыктагы энергетикалык жана машина куруу жабдууларын долбоорлойт жана чыгарат. Жакынкы мезгилде электромобилдер чогултулуп баштайт. Завод сапатка, технологиялык процесстердин экологиялык талаптарга жооп берүүсүнө басым койот. Ишкана рынокто лидерлик позицияларда болууну, Кыргыз Республикасында өндүрүштүн өнүгүүсүнө салым кошууну көздөйт. Ишкананын өз конструктордук бюросу бар. Типтүү продукцияларды гана эмес, инвидуалдуу заказ менен нестандарттуу буюмдарды да жасай алат. Машина куруу заводунун ачылышы бюджетти толтуруу гана эмес, жумуш орундарын түзүү",-деп айтылат аталган заводдун жетекчилиги тарабынан айтылган маалыматта.

Ишканада 300дөн ашык адам эмгектенип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД