Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан бир кыргыз жоокери көз жумду

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан бир кыргыз жоокери көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик чек арачыларынын куралдуу кол салуусунда кыргыз чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев каза болгон.

Учурда сержант Хуснидин Хожиевдин өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Алдын ала мааалыматтарга караганда тажик тараптан дагы жарадар болгон, каза тапкандар бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Чашмагил ашуусунда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларына кол салышып, натыйжада скер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгону кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД