Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнунда Мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган.

Бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп Садыр Жапаров жакынкы аралыкта президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД