Токиодоги олимп оюндары көрүүчүлөрсүз өтөт

Жапониянын баш калаасы Токио шаарында 23-июлда баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун "дельта" деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынган.

"Көрүүчүлөр баш калаанын сыртында өтө турган айрым мелдештерге киргизилиши мүмкүн. Ал боюнча чечимди аймактардын бийликтери кабыл алышат", - дейт министр.

Буга чейин жапон өкмөтү оюндардын ачылуу аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү жана мелдештерге он миңден ашпаган жергиликтүү гана көрүүчүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.

Былтыр коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД