
"Манас" эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачыларын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинаны даярдап жатат.
Нарындыктар COVID вакцинасын 10 пунктудан сайдырууда. Тизме Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов түштүк кореялык BS Group корпорациясынын президенти Пак Хё Рин менен жолуккан.
Ишкер айым анын компаниясы Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар экендигин жана алар "Манас" аба майданына лаборатория ачарын айткан.
Пак Хё Рин аталган лабораторияда бир күндө 14 миң адам ПЦР-тест тапшырып, анын жыйынтыгын бир сааттан кийин алса болорун билдирди.