Нарын дарыясынан аялдын жансыз денеси табылды

Нарын дарыясынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарынын четинде Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 куткаруучусу барып, маркумду суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД