Чалкан көп ооруларга дары болуп , чачтын түшүүсүн токтотот

Чалкан ондогон ооруга даба болуп эсептелет. Ал эми жазында даяр витаминдин ордун алмаштыра алат.

Чалкандын дарылык касиети. Курамы пайдалуу заттарга бай. Тактап айтсак, К, С витаминдери, каротин (табигый пигмент), темир тузу, калий, кальций, күкүрт, кант, белок бар.

Колдонулушу. Чалкан кандын уюу деңгээлин жогорулатып, гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандагы кантты азайтат. Мындан тышкары заара кубалоочу, жараны бат айыктыруучу, организмди чыңдоочу касиетке ээ. Кан агууну токтотууда, анемияда, атеросклероздо, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында, геморройдо, кургак учукта колдонулат.

Жүрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын кайнатмасын бал же кант менен ичүү керек.

- Кайнатма төмөнкүдөй даярдалат: чалкан гүлдөөр алдында сабактын эң башын жана жалбырактарын кесип алып кургатуу зарыл. Кургатылганынан 5 аш кашык алынып, үстүнө 500 грамм суу куюлуп, жай отко кайнатылат. Анан 100 граммдан 4 маал ичилет

Ашказан оорусунда, кусуу өнө­көткө айланган учурда төмөнкүдөй рецепт сунушталат. 1 чай кашык чалкандын кургатылган тамырын 200 грамм сүткө кайнатуу зарыл. 25 граммы ысык бойдон, калганы ар бир саатта 2 аш кашыктан ичилет. Дарылануу курсу оору белгилери кетмейинче узарат.

- Бөйрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын 1 чай кашык кургатылган жалбырагы 200 грамм сууга кайнатылып, ичилет.

Организмди чыңдоого, жүрөктүн иштешин жакшыртууга, канды тазалоого карата тундурма. 200 грамм чалкандын жалбырагынын үстүнө 0,5 литр арак же 70 пайыздуу спирт куюлат. Банканын бети даки менен жабылып, байланат. Биринчи суткада күн тийген терезеге коюлса, калган 8 суткада караңгы шкафта сакталат. Сүзүп, банкага куюп, бетин капкак менен жабуу зарыл. Тамактан 30 мүнөт мурда 1 аш кашыктан 4 маал ичилет.

- Чачты өстүрүү же чачтын тү­бүн бекемдөө үчүн чалкандын тундурмасын чачтын түбүнө сүртүүгө же тундурма менен чачты жууганга болот. Тундурма үчүн кургатылган жалбырагынан 2-3 аш кашык алып, үстүнө 400-600 грамм кайнак суу куюп, 6-8 саат демдөө керек. Сүзүп алып колдоно берүүгө болот...


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД