УКМКнын кызматкеримин деп акимчиликтен акча талап кылган адам кармалды

УКМКнын кызматкеримин деп райондук администрациядан акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын КККнын кызматкеримин деген "Т.С.К." аттуу адам Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган адам кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот", - деп билдиришти УКМКдан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД