"Ишеним" партиясы Бишкек тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырды

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Саналуу күндөрдөн кийин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосу өтөт. Сиздер бул саясий жараянга катышуу менен ордо калаанын эртеңки келечегин аныктоого жана аны ишенимдүү адамдардын колуна тапшырууга салым кошосуздар.

11-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна активдүү катышууңуздар шайлоо процессинин ачык жана таза өтүшүнө өзүнүн таасирин тийгизет.

Ошондой эле, сиздер бул жарандык милдетиңиздерди аткаруу менен Бишкек шаарынын экономикалык жактан өнүгүшүнө, таза, коопсуз шаарды курууга чоң өбөлгө түзүп бересиздер.

"Ишеним" партиясынын башкы максаты – өзүнүн программасын ишке ашыруу менен бирге коомчулуктун өнүгүүсүн жана туруктуулукту жолго салууга багытталган.

Бийик максат менен эл ишенимин актоо үчүн "Ишеним" партиясы да шайлоого аттанып, команда шаар ичиндеги толуп жаткан көйгөйдү көрүүгө эмес, чечүүгө багыт алды.

Жалпыңыздарды, шайлоого активдүү катышууга жана жүрөгүңүздөр тандаган партияга ишенимдүү добуш берүүгө чакырабыз!

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 09.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД