Салык кызматы жыл башынан бери дээрлик 47 млрд сом салык чогултту

Быйыл алты ай ичинде өлкөдө 46 млрд 969 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план 2 млрд 580 млн сомго ашык аткарылган.

"Республикалык бюджетке 37 млрд 817,8 млн сом, жергиликтүү бюджеттертерге 9 млрд 151 млн сом жыйналды", - деди ал.

Ал белгилегендей, быйыл алты айда салык былтыркы жылга караганда 13 млрд көп чогултулду.

Жыл аягына чейин 96 млрд 700 млн сом чогултуу пландалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД