БШК Кербен шаардык кеңешин таратуу тууралуу президентке кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кербен шаардык кеңешин таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу президент Садыр Жапаровго сунуш берди. Буга шаардык кеңештин белгиленген мөөнөттө мэр шайлай албай калганы себеп болду.

Ага ылайык, депутаттар мэр шайлоо үчүн үч жолу чогулган. Биринчисинде, 7-июнда кворум болбой калган жана мэрликке бир талапкер көрсөтүлгөн. Эки аптадан кийинки жыйын катталган жалгыз талапкер шайлоого катышуудан баш тартканы үчүн үзгүлтүккө учураган. Шаардык кеңеш 5-июлда дагы кворумдун жоктугунан мэр шайлай алган эмес. Шаар башчысы кызматына бир гана талапкер катталган.

БШКга Кербен шаардык кеңешинин 16 депутаты аларды мөөнөтүнөн мурда таратуу тууралуу кайрылган.

Быйыл апрелде 28 шаардык кеңешке шайлоо болгон жана Бишкек, Ош жана Токмокто добуш сатып алуу, административдик ресурска байланыштуу дооматтардан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД