Ош ШИИБ: добуш сатып алып жаткан адам кармалды

Ошто добуш сатып алууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициясы кечээ, 8-июлда саат 23:30дар чамасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган К.Э. аттуу адамды кармашкан. Ал Ош шаардык кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан партиялардын биринин кызыкчылыгы үчүн шайлоочуларга алдын ала түзүлгөн тизме менен 1500 сомдон таратып жүргөндүгү маалым болгон. Алдын ала маалыматка ылайык ал шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы.

Учурда Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД