УКМК кыргыз жоокерлеринин бири Тажикстанда туткунда экенин кабарлады

Кечээ, Лейлек районундагы чек арадагы ок атышууда бир кыргыз жоокерин тажиктер туткундашып, алып кирип кетишкен. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Чашмагил ашуусунда орун алган чек арачылардын кагылышуусунда бир кыргыз жоокерин тажиктер туткундашып, алып кирип кетишкен.

Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү ок атышуу орун алганда жерде окуяны териштирүүдө. Анын жүрушүндө кыргыз тарап туткундалган кыргыз жоокерин бошотууну талап кылышкан.

Учурда тараптардын сүйлөшүүлөру уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Чашмагил ашуусунда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларына кол салышып, натыйжада аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгону кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД