Жарактан чыккан "Sputnik V".Чыгым болжол менен 840 миң сомду түзд

Эритилген "Sputnik V" вакцинасын эсептен чыгаруунун натыйжасында материалдык чыгым болжол менен 840 миң сомду түздү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева "Вечер трудного дня" программасында билдирди.

Эске салсак, №2 ҮМБда Россиянын "Sputnik V" вакцинасынын 994 дозасы эрип кеткен.

Поликлиниканын беш кызматкери сөгүш алышты. Келтирилген зыянды толтуруу милдети №2 ҮМБгө жүктөлүшү мүмкүн.

Республикалык иммунопрофилактика борбору муздаткыч адам факторлорунан улам электр кубатынан ажыратылгандыгын билдирди.

Алдын ала версия боюнча, тазалоочу айым (уборщица) розеткадан муздаткычты өчүрүп, телефон кубаттагычын туташтырган.

Бул вакцина гуманитардык жардам аркылуу алынган. "Sputnik Vдин" көпчүлүгүн Кыргызстан вакцинанын ар бир компоненти үчүн болжол менен 10 доллардан сатып алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД