жарандыгы жок кыргыздар жыл аягына чейин жарандыкты жеңилдетилген түрдө ал

Президенти Садыр Жапаров "Этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргызстандын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Конституциясынын 51-беренесинин 3-бөлүгүнө, 70-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 71-беренесине, "Кыргызстандын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын 14 жана 28-беренесине ылайык, этникалык кыргыздардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында токтом кылынат:

Этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргызстандын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- ушул жарлыктын 1-пунктунда каралган жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну камсыз кылсын;

- ушул жарлыктын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты Кыргызстандын президентинин администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип турсун.

Убактылуу жобо


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД