"Биздин Кыргызстан": Сүйүктүү Бишкекти бирөөгө алдыртпай, күрөшүү керек!

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоочуларга кайрылуусу:

Кымбаттуу шайлоочу!

Урматтуу Бишкек шаарынын тургуну!

Биз шайлоодон кийинки күнү эле унутулган убадаларды бербейбиз. Биз жаңы партиябыз. Биздин командада жаңы жүздөр, өз тармагындагы адистер, билимдүү жана тажрыйбалуу адамдар бар.

Депутатка келип түшкөн ар бир кайрылууга, шайлоочунун ар кандай демилгесине же практикалык сунушуна кунт коюп мамиле жасап, сиз менен биргеликте Бишкек шаарынын жашоо турмушун өркүндөтүү боюнча иш алып барууга убада беребиз. Бирок, шайлоочу, бул сиздин берген добушуңузга, тандооңузга жараша болот! Эгерде адам өзү жакынкы жердеги шайлоо участогуна басып барбаса, добуш бербесе, анда шаар бийлигине нааразы болууга моралдык укугу жок, деп эсептейбиз.

Ошондуктан, урматтуу бишкектиктер, биз сизден добуш берүү күнү - 11-июлда шайлоо участкаларына барып, жарандык милдетиңизди аткарууңузду суранабыз. Ар бир адамдын добушу маанилүү жана ал шаарыбыздын келечегин чечет!

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясын тандап алуу менен, сиз баш калаабыздын жашоосун кантип жакшыртууну билген ар кандай тармактардагы адистерди тандаган болосуз!

Шайлоо участогуна келип добуш берүү ар бир адамдын жарандык милдети. Бишкек – биздин сүйүктүү шаарыбыз, анын тагдырын башкаларга алдыртып жибербей, сүйүктүү шаарыбыз үчүн күрөшүүбүз керек.

Биз кооз шаарда жашайбыз. Биз Бишкекти жакшы көрөбүз жана, албетте, анын жакшырышын каалайбыз.

Күн сайын жашообуз өзгөрүлүп, шаардын көрүнүшү дагы өзгөрүп келет. Шаарыбыз мындан ары да өсүп-өнүгүшү керек, мындан да кооз, заманбап жана ыңгайлуу шаарга айланышы керек.

Биздин шаарыбыз гүлдөргө жана бак-дарактарга оронуп турушу керек.

Биз келечектеги өзгөрүүлөр үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоону каалайбыз. Бишкек шаарыбыздын өнүгүп-өсүшүнө салым кошкубуз келет.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын программасында шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, заманбап спутник шаарын жана спорт шаарчасын куруу жөнүндө жазылган. Партиянын "Жаратмандар жолу" программасында жаңы конуштарды жана коомдук транспортторду газга өткөрүү, жаштардын старт-ап долбоорлорун колдоо жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жөнүндө да айтылган.

Шаардын көйгөйлөрүн чечүү, ой-максаттарды ишке ашыруу жана ийгиликке жетүү жолдорун биз билебиз.

Жаратмандарга - "Биздин Кыргызстан" саясий партиясына добуш бериңиздер!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 09.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД