Эмир Качкымбаев талапкер: "Мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө аракет кылабыз"

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына "Ишеним" партиясынан талапкер Эмир Качкымбаев мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү маселесин кароого даяр экендигин билдирип, мындан тышкары чечилиши керек болгон бир катар маселелерге токтолду.

"Биз мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги, мектептердеги, ЖОЖдордогу жалпы педагогикалык жамааттын айлык акыларын көбөйтүүгө чечкиндүү кадамдарды жасайбыз. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу максатыбыз бар. Бул алардын каражат табуу үчүн башка булактарды издебей, жумушка өзүн толук арноого шарт түзөт. Мындан тышкары, биз жаңы электр менен жабдуу тутумун, тагыраак айтканда, күн батареяларын орнотууну киргизебиз, ошондо ар бир үйдө ушул күн коллектору болот, ошондо электрдин бир бөлүгү ушул батареялардан пайдаланылат. Ошондой эле, бул тутум Бишкек шаарынын үстүндөгү түтүн көйгөйүн алып салат. Ошондой эле, чоң спорттук залдардын жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна көңүл буруу керек ",-дейт Эмир Качкымбаев..

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 09.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД