"Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери Айбек Осмоновдун кайрылуусу

Бишкек жана Оштогу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоосунун үгүт иши аягына чыгып, ар бир катышкан партиялар өздөрүнүн программасы менен тааныштырды.

"Биздин Кыргызстан" партиясы дагы үгүт учурунда шайлоочуларга маалымат жеткирип, шаардын турмушун жакшыртууга кандай идеяларыбыз бар экенин айтып берүү менен бирге, репутациясы таза, өз ишинде дасыккан, баштаган ишинде ийгиликтерди жараткан адамдарды командабызга чогулттук.

Биздин команданын курамындагылар - Кыргызстандын аймагында эӊ ири завод-фабрикаларды түптөп, миӊдеген жумуш ордуларын түзгөн жаратман адамдар.

Куруучулар жана мекенин берилип сүйгөн уул-кыздар, өз киндигин өзү кескен кесипкөй инсандар! Ар биринин артында мамлекетке, элине кылган көрүнүктүү иштери бар! Биз жаратмандарды топтодук, командабызга тилектештерди чогулттук. Биздин команда кыйратуучулар эмес, биздин тилектештер куруучулар, жаратмандар!

Келгиле, шаарыбызды куралы, жаӊылайлы, жараталы! Урматтуу шайлоочулар, сиздер дагы биздин катарыбызга кошулуп, идеяларыбызга ортоктош болуңуздар!

Шайлоо күнү активдүү катышып, келечек үчүн жарандык милдетти аткарууга баарыңыздарды чакырам. Шайлоодо татыктуу, тажрыйбалуу жана элин сүйгөндөр жеңишке жетсин! Жараткан элиме кызмат кылам деген азаматтардын жолун ачсын!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 09.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД