"Биздин Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин кайрылуусу

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

20 күн бою биз Сиздерге эмне үчүн Бишкек шаардык кеңешине өзүбүз, өзүбүздүн программа, деги эле депутаттыкка эмне үчүн бара жаткандыгыбыз тууралуу маалымат бердик. Ал маалыматтарды окуп, анализдеп, өз чечимиңерди чыгардыңар деп ойлойбуз.

11-июль - шаарыбыз, анын алдыдагы 4 жылы үчүн маанилүү күн. Өз добушубуз менен шаарыбыздын тагдырына кайдыгер эмес экендигибизди билдирели.

Пандемиядан сактануу шарттарын так аткаруу менен шайлоого катышып бериңиздер. Сиздин добуш алдыңкы келечекти аныктайт. Жарандык жигердүүлүктү көрсөтөлү!

Сиздерди урматтоо менен "Биздин Кыргызстан" партиясынын талапкерлери!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 09.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД