Тажиктер туткундаган чек ара кызматкери Кыргызстанга кайтарылды

[h2][Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышуусу учурунда тажиктер туткундап алган прапорщик З. Умаров Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Бүгүн, 10-июлда түнкү саат 00:55те атайын сүйлөшүүгө барган чек ара кызматынын өкүлү менен туткундалган чек арачы "Кайрагач - унаа жол" өткөрмө бекети аркылуу өлкөгө кирген. Кармалып кеткен кызматкердин ден соолугу жакшы экени баса белгиленген маалыматта.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч экени кабарланды.

Эскерте кетсек, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө Чашмагилдан ашуусу жакта Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларына күтүүсүз кол салып, эки тараптын ортосунда атышуу болгон. Куралдуу кагылыштан каза тапкан Кыргызстандын аскер кызматкери Хуснидин Хожиевди жана дагы бир аскер кызматкерин тажиктер өз аймагына алып кирип кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД