ИИМ: 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берилген

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен иш козгоду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген Президенттин алдындагы жарандык берүү боюнча комиссия Түркиянын 10 жаранына Кыргызстандын жарандыгын берүү чечимин кабыл алган. Бул чечимдин негизинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев аталган адамдарга Кыргыз Республикасынын паспортун берүү жөнүндө жарлык чыгарган.

Бул жарандык берүү чечими, жарлыгы мыйзамсыз экени, коррупция аралашканы аныкталды. Учурда ыкчам тергөө-иликтөө, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД