Бүгүн 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоосу башталды.
Анын алкагында Бишкекте шаардык кеңешке 18 партиядан 1 258 талапкер шайлоого катышууда. Ал эми Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоого 6 саясий партия, Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 8 саясий партия катышып жатат.
Аталган үч шаардык кеңешке жалпы 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары, 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.