Савай каналына аккан өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылындагы Савай каналына 17 жаштагы өспүрүм чөгүп кеткен. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, суудан баланын жансыз денгесин табышкан. Маркумду суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүлүп берилген.