Бишкектеги шайлоо тилкелери ишин баштады

Бүгүн, 11-июлда саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоосу башталды.

Таң эрте ишин баштаган борбор калаадагы шайлоо тилкелеринин иши менен VB.KG`нин кабарчысы таанышып келди.

Анда шаардык кеңештин шайлоосуна эртең менен эл аз келип жатканына көрдүк. Мисалы №1220 шайлоо тилкесине шайлоо учаскасы ачылгандан бери бир саат аралыгында 24 гана шайлоочу келип добуш берген.

Бирок шайлоо тилкелери өзүн толук кандуу жүргүзүп жатат. Шайлоочулар медиктер тарабынан дене табы текшерилип киргизилип жатканына, тилкелерде бардык санитардык эрежелер сактал жатканына күбө болдук.

Тасмада жана сүрөттө Бишкек шаарындагы №1220, №1329, №1328 шайлоо тилкелериндеги абал чагылдырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД