Үч шаардык кеңешке 617 миң шайлоочу добуш берет

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 617 миң 517 адам шайлоочулардын тизмесине кирген. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмок шаарында 38 миң 100 жаран шайлоочу катары катталган.

Белгилей кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Учурда Бишкек шаардык кеңешке 18 партия, Ош шаардык кеңешке 8 партия, Токмок шаардык кеңешке 6 партия ат салышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД