Чек арада курман болгон аскердин үй-бүлөсүнө батир берилет

Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышуусу учурунда каза тапкан Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө батир берилет. Бул тууралуу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев айтканын "Спутник Кыргызстан" маалымат кызматынын жергиликтүү кабарчысы билдирген.

Маалым болгондой, Президент Садыр Жапаров аскердин жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөсүнө Баткен шаарында курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батир берүүнү облус жетекчилигине тапшырган.

27 жаштагы Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн өзү туулган Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди. Маркумдун артында бир уулу жана кош бойлуу келинчеги калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД