БШК мыйзам бузуулар боюнча ыкчам топко кайрылууну суранат

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында өтүп жаткан шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко кабар берүүнү суранат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок калааларында шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүүдө. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталды.

Ыкчам топтун байланыш номерлери:

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 021255

Жарандардын кайрылуулар үчүн – 0502 001255

Ишеним телефону – 0312 626246

Коомдук кабылдама – 0312 660240

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg

Борбордук шайлоо комиссия шаардык кеңештердеги шайлоого катышып жаткан партияларды шайлоо мыйзамдарын бузбоого чакырат.

Аталган үч шаардагы шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинен Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД