Ошто шайлоочу бюллетенди тытып салды

Ош шаарында №5307 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди тытып жиберди. Бул тууралуу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы билдирди. Бюллетенди тытып салган шайлоочу муну өзү каалабаган партияны белгилеп алганы менен түшүндүрдү.

№5307 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлбара Алдыракова бул окуя боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылганын айтты.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД