Аргентинанын курамасы бразилиялыктарды утуп, Америка Кубогуна ээ болду

11-июль. Америка Кубогунун финалында Аргентина Бразилияны 1: 0 эсебинде утуп алды. Турнир Бразилияда болду, чечүүчү жолугушуу Рио-де-Жанейродо Маракана стадионунда өттү.

Аргентина менен Бразилиянын курама командалары Америка Кубогунда бири-бири менен 34-матчын өткөрүштү. Аргентиналыктардын эсебинде 16 жеңиш, бразилиялыктар - 10, калган 8 жолугушуу тең чыгуу менен аяктаган. Аргентинанын курама командасы акыркы алты беттеште биринчи жолу Америка Кубогунда бразилиялыктарды утуп алды - буга чейинки беш оюн бразилиялыктардын жеңиши менен аяктап, аргентиналыктардын акыркы ийгилиги 1993-жылы болгон.

Эске салсак бул Лионель Мессинин Аргентина менен жеңген биринчи турнири

Аргентинанын командасы 15-жолу Америка Кубогун жеңип алып, мелдештин рекордчусу - Уругвай курама командасын кууп жетти. Аргентиналыктар кубокту акыркы жолу 1993-жылы жеңип алышкан. Бразилия курама командасы тогуз жолу мелдештин жеңүүчүсү болду.

Ишемби күнү кечинде үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Колумбия курамасы Перунун курама командасын 3: 2 эсебинде утуп алды. 2024-жылы турнир Эквадордо болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД