Шайлоо тилкесиндеги партиянын үгүт плакаты алынды - видео

Шайлоо тилкесиндеги партиянын үгүт плакаты алынды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"Аталган баннерди Реформа саясий партиянын өкүлдөрү өздөрү алып салган. Бирок бул жерде мыйзам бузуу жок, анткени баннер илинген жер шайлоо комиссиянын жайы, ага кире берген жер жана добуш беруучу жай эмес болчу", - деп билдиришти Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан.

Белгилей кетсек, буга чейин VB.KG`ге окурман Бишкек шаарындагы 38-мектептеги шайлоо тилкесинде шайлоого катышып жаткан "Реформа" партиясынын үгүт плкаты илинип турганын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД