Улукбек Марипов шайлоо тилкесине барып добуш берди

Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен Бишкек шаарынын №40 жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл.

Белгилесек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД