"Эмгек" партиясынын өкүлү добуш сатып алып жатып кармалды

"Эмгек" партиясынын өкүлү добуш сатып алып жатып кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-июлда УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалык жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү "K.E.A." аттуу адамды кармаган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адам "Р.у.Т." аттуу "Эмгек" партиясынан талапкеринин көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон акча каражатын таратып жатканы белгилүү болгон. Анын жанынан адамга бөлүштүрүлө турган 10 миң сом жана акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган.

Учурда бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД