Саат 12:00гө карата 77 миңден ашык киши добуш берди

Саат 12:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 12:00гө карата 77 миң 26 шайлоочу добуш берди.

Алар жалпы шайлоочулардын санынын 12,47%ын түзөт. Үч шааарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши кирген.

Ар бир шаар боюнча алганда саат 12:00гө карата Бишкекте – 39 миң 271 (9,20%), Ош шаарында 30 миң 940 (20,26%) жана Токмокто 6 миң 815 (17,89%) шайлоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, Бишкекте шайлоочулардын тизмесине 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 киши киргизилген. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Шаардык кеңештерге шайлоо саат 08:00дө башталган. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД