Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо жүрүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда саат 12:00гө карата 4 миңге чукул шайлоочу добуш берген. Бул көрсөткүч апрел айындагы жокко чыгарылган шайлоо күнүн ушул саатына караганда көбүрөөк.
Таң эрте ишин баштаган борбор калаадагы шайлоо тилкелеринин иши менен VB.KG`нин кабарчысы таанышып келди.