"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын атынан акча таратууга шектелгендер кармалды

Бишкек шаарында добуш сатып алууга шектелген адамдар кармалды, деп билдирди бүгүн, 11-июлда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.

Болжол менен саат 11:45те милицияга Иванов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги №1221 шайлоо участогунун жанында бир аял акча таратып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан бир партияга добуш берүүгө үгүттөп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Биринчи май РИИБдин кызматкерлери барышкан жана "Хонда" унаасында отурган 1987-жылы туулган А.Г., 1977-жылы туулган К.М. жана 1983-жылы туулган К.Б.ны көрүшкөн. Ошондой эле унаадан үгүт материалдары, жашоочулардын тизмелери жана 20 миң сом табылган.

Бул факт Жазык кодексинин 192-беренеси (Шайлоочуларды сатып алуу) менен катталып, жогорудагы 3 киши РИИБге жеткирилди.

АКИpress агенттигинин булактары билдиргендей, сөз "Өнүгүү-Прогресс" партиясы жөнүндө болуп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД