Бишкек шаардык милициясы Арча-Бешикте шайлоочуларга акча таратылууда деген маалымат боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июлда "Фейсбукка" шайлоочуларга акча таратылууда деген маалымат жарыяланган. Буга байланыштуу Бишкек милициясынын ыкчам тобу аталган жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Анда акча таратып жатат делген 1991-жылы төрөлгөн М.Б. аттуу адам саясий партиялардын биринин үгүтчүсү экенин, шайлоого майыптыгы бар кошунасы өзү келе албагандыгына байланыштуу аны жеткирип келгендигин билдирген.
Бул окуя каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.