Орусиялык блогер Илья Варламов Ош шаарына келди. Бул тууралуу өзү социалдык баракчасына жазып, Оштон тартылган видеону жарыялады.
Анда көчөдөгү таштандыларды тартып, көчөдө бараткан аялды мэриянын кызматкери атап, аны менен жаңжалдашууга да жетишкен.
Белгилей кетсек, аталган блогер буга чейин Бишкеке келип, мэрияны ачуу сындап, "бишкектик айдоочулар койлор" деп келекелеп интернетте талаш-тартышты жараткан.