Саат 16:00гө карата 132 миң 139 шайлоочу катышты

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 16:00гө карата 132 миң 139 киши же шайлоочулардын 21,40%ы добуш берди.

Аталган үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген.

Ар бир шаар боюнча алганда Бишкекте – 71 миң 629 (16,79%), Ош шаарында 48 миң 977 (32,07%) жана Токмокто 11 миң 533 (30,27%) шайлоочу добуш берген.

Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД