Саат 18:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 155 миң 707 адам добуш берди. Бул тууралу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч аталган шаарлардагы 617 миң 517 шайлоочулардын 25,22 пайызын түзөт.
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Оштукуна 8 саясий партия катышууда.