Кара-Балтада батирден кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Новый-Западный кварталында жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачып берген. Батирдин ичинен 1949-ж.т. К.Г. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.