Ала-Тоо аянтында эмдөө пункту уюштурулуп, ал концерт менен коштолууда

Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында адамдарды эмдөө иштери жүрүп жатат. Эмдөөдөн жанында документти бар каалоочулардын баары өтө алат. Келген адамдарга Кытайдан алынып келинген Sinopharm вакцинасы сайылууда. Ал жерде Бишкектин төрт районунан келген дарыгерлердин төрт тобу адамдарды эмдөөдөн өткөрүүдө.

Ошондой эле иш-чара адамдарды тартуу үчүн концерт менен коштолуп республикага таанымал адамдар элге өнөрлөрүн тартуулашып жатат.

Иш-чаранын алгачкы эки саатында эле 100гө жуук адам эмдөөдөн өткөн.

Иш-чара саат 17:00дө башталган жана түнкү саат 22:00гө чейин созулуп, аталган даректе бүгүн гана өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД